Кадамжай милициясы Спорт — ден соолук булагы аттуу окуучуларга спартакиада өткөрдү

0
13315

Кадамжай РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен спорттук иш-чара уюштурулду.

Бул ирет район борборунан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан Совет айыл аймагынын Кан айылында жаш өспүрүмдөр арасында спорттун волейбол,  футбол түрү ойнотулду. Бул оюнга Кыргыз-Кыштак айылынын “Мыйман Миталипов” толук эмес мектеби, “Ташыбек Тургунов”, Кан айылындагы №72 Кесиптик лицей, “Кан” орто мектебинин 9-10-11-классынын мектеп окуучуларынын ортосундагы спорттук оюндар кызуу өткөрүлүп, көрүүчүлөр кол чаап коштоп турду. Футбол боюнча I орунга №72 Кесиптик лицей, II орунга Т.Тургунов орто мектеби, III орунга Кан орто мектеби, ал эми IV орунга  М.Миталипов толук эмес мектебинин окуучулары жетишсе,  ошондой эле кыздар арасындагы волейбол оюну боюнча  I орун Т.Тургунов, II орун Кан, III орунду №72 Кесиптик лицейинин окуучулары камсыз кылды.

Ушундай иш чаралар байма бай өтүп турса окуучу балдардын ортосундагы ынтымак бекемделип жаш өспүрүмдөр ортосундагы пикир келишпестик жоюлат дейт Галбү Осмонова Совет айыл өкмөтүнүн башчысы.

 

Аталган айыл аймакта жаңырган жыл башынан бери бир да жашы жете элек өспүрүм катышкан кылмыш катталган эмес дейт Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн  Ж.Садиров  атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Сатыбалдиев Тажидин.

Бул иш-чаранын максаты эки айыл ортосундагы жаш өспүрүмдөрдүн  достук-ынтымактыгын бекемдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулук, суицид, укук бузууларга бөгөт коюу.

Кадамжай РИИБнин “Ж.Садиров” атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери мындай саамалыкты жыл сайын уюштуруп, жаш өспүрүмдөр арасындагы профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп турат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here