Кадамжай: Совет айыл аймагында Жол жана балдар рейди өткөрүлдү

0
812

Бүгүн 12 –март  Кадамжай районунун Совет айыл аймагында Кадамжай райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери “Жол жана балдар” аталышындагы жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу боюнча жаш өспүрүмдөргө профилактикалык иш чара өткөрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын ЖКККБнын үгүт насаат иштери боюнча инспектору Айдаров билдирди.

Аталган профилактикалык иш мерчемине Кыргыш-Кыштак айылынын Тургунов орто мектеби, Миталипов орто мектеби, Совет айылындагы № 21- ортмектебинин окуучулары жана Совет айылындагы №72 кесиптик лицейинин окуучу мугалимдери катышты.

Иш чаранын алкагында Кан айылында  мектеп окуучуларына жолдо жүрүү эрежелерин жана коомдук тартипти сактоого үндөштү. Окуучулар үчүн спорттун волейбол жана футбол түрлөрү боюнча оюндар да уюштурулду. Иш чаранын негизги максаты жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here