Баткен районунда Жол жана Балдар” рейди жүрүүдө

0
781

Баткен райондук ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсү жаш өспүрүмдөрдүн арасында профлактикалык иш чараларды күчөтү менен, жол унаа кырсыгын алдын алуу боюнча “Жол жана Балдар”аталыштагы иш чарасын өткөрүүдө. Бул иш-чара Баткен районунун аймагында 2021-жылдын 8-март күндөн 21-мартка чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Баткен РИИБү боюнча ЖКККБнүн УКТнын улук инспектору Ахмедов билдирди.

Рейдди өткөрүү максаты: Жалпы билим беруу мекемелеринде жаш өспүрүмдөрдүн арасында профилактикалык иш чараларды күчөтүү менен жол унаа кырсыктарын жана укук бузуунун алдын алуу, Баткен РИИБү боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Баткен РИИБнүн башка кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун аймагында мектеп окуучулары арасында профилактикалык иш чарарларды өткөрүү менен бирге, ЖККК кызматкерлери өздөрү тейлеген аймактарда жайгашкан автоунаа өтүүчү автожолдорду текшерип жетишпеген жол белгилери жол көрсөтмөлөрүн билдирүүлөрдү берүү.

Рейдик иш чаранын журушун жогорку денгелде өткоруу үчүн:
Жаш өспүрүмдордүн коопсуздугун сактоо максатында Баткен РИИБү боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн ар бирине бекитилип берилген мектептердин алдында окучууларды жолдон өткөрүү боюнча күзөт иштерин алып баруу. Окуучулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Баткен районунун аймагында жаш өспүрумдор арасында 1 жол транспорт кырсыгы катталып 1 жаш өспүрүм денесинен жарат алып оруканага жеткирилген.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here