2.2 C
Баткен
Среда, 19 января, 2022

Баткен: 16 жаштагы кыз дайынсыз болуп, изделүүдө

2021-жылдын 11-июнь күнү 06.30 чамаларында Кадамжай районунун Уч-Коргон айыл аймагына караштуу Калтак айылынын тургуну, 2005-жылы туулган Кенжебаева Бегимай Курсановна өзү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Белгилери: бою 160-155 кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кызды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот. Байланыш үчүн номерлер

(03655) 5-02-29; 0704 27-64-16

Бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

 

Окшош материалдар

Жаңы материалдар