Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жана Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Миң — Жыгач айылындагы мектепке капсула салды.
Бул мектептин курулуш иштерин 2023-жылдын республикалык бюджетинин эсебине киргизүүгө депутат Миргул Темирбаева тарабынан мындан бир жыл мурун бир топ жумуштар жасалган.
Белгилей кетсек, жаңы курулуучу мектеп 2 кабаттуу 225 орундуу заманбап типтүү. Жалпы сметалык баасы 133 млн 250 миң 258 сомду түзөт.