Таласта акча уурдады деп шектелген жаран кармалды

0
419

30-апрель күнү Талас районуна караштуу мал базардан болжол менен 25-30 жаштагы белгисиз адам «акча уурдады» деген шек менен кармалыл, эл аны мал базардын жарык берүүчү мамыга колунан жана белинен жип менен байлап коюшкан.

Аталган билдируу Талас РИИБинин электрондук журналына катталган.

Текшерүү учурунда мамыга байланган жаран алгач өзүн Бишкек шаарынын 1993-жылы туулган Ш. уулу Э. деп тааныштырган. Бирок кийин анын ыссык-кол облусунун ысык-кол районуна караштуу Григорьевка айылынын 1989-жылы туулган А.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Шектүүнүн жанынан жалпы 35 200 сом табылган.

Чөнтөкчүгө Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айлынын 1976-жылы туулган жаран 60 мин сомун, Кара-Буура районунун Чолпонбай айлынын 1999-жылы туулган тургун асынып жургон кол сумкасынын ичинен 6 мин сомун урдаткан», — деп айтылат малыматта.

Шектүүгө медициналык жардам көрсөтүү максатында аймактык ооруканага жеткирилип, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилбегендиги аныкталып, милицияга алып келинди.

Учурда шектуунун башка кылмыштарга тийешелүүлүгү бар же жоктугу тууралуу иликтөөлөр жүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here