Баткенде чуркоо боюнча мелдеш өттү

0
736

Бүгүн 1-майда Баткен шаарында кыз-келиндер жана эркектер арасында чуркоо боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Спорттук иш чара  калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу максатында 1-май эмгекчилердин Эл аралык майрамына жана Кыргыз сомунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.  

Иш чара КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Улуттук Банктын Баткен облусундагы филиалы жана ЮСАИДдин “Мыкты азыктануу долбоору” менен биргеликте өттү.  

Мелдешке 300гө жакын спорт сүйүүчүлөр катышып, жеңүүчүлөргө медалдар, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here