Былтыр Баткенде 60 жаңы ишкана ачылган

0
722

Облустун аймагында 2022-жылы кичи жана орто бизнес тармагын өнүктүрүү максатында жеке ишкерлер тарабынан 60 жаңы ишканалар ачылып, 287 жаңы жумушчу орундар түзүлдү.

Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ 6-февралда облустун жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешме өтүп, Баткен облусунун 2022-жыл ичинде экономикалык, социалдык тармактарынын өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берилди.

Маалым болгондой, жогорудагы ишканалар жеке ишкерлер тарабынан ачылган. Өткөн жылы облус боюнча 4 млрд 546 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн, бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 149 млн сомго көп. Салык топтоонун планы облус боюнча 103 пайызга аткарылып, 1 млрд 548 млн сомдук төлөмдөр жыйналып, 2021-жылга салыштырмалуу 377 млн сомго көп топтолгон.

2022-жылы билим берүү мекемелерин материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында 11 мектеп, 5 балдар бакчасы курулуп, ишке берилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here