Соц тармакта диний экстримизмди жайылткан Баткендин тургуну кармалды

0
1423

Баткенде социалдык тармак аркылуу диний экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды. Облустук милициянын маалыматына караганда, ушул жылдын 29-январында тыюу салынган диний экстремисттик аудио материалдарды социалдык тармак аркылуу таратып жүргөн жаран боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Кадамжай районунун 2000-жылы туулган тургуну «Одноклассники» социалдык тармагындагы баракчасына кароо жүргүзүлүп, баракчасындагы аудио материалдар көчүрүлүп алынып, экспертизага жөнөтүлгөн.

Изилдөөгө берилген аудио материалдар Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” экстремисттик жана террористик уюмуна таандык экендиги аныкталган.

Кармалган жаранга карата “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here