Баткенде тургундардын арызынан кийин эки дүкөн текшерилди

0
43

Баткен шаарындагы “Жолболду” дүкөнү жана “Оомат”  дүң соода дүкөнүнө текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл кызматы кабарлады.

Ага ылайык,  санэпид көзөмөл борборуна аталган дүкөндөрдө сатылып жаткан “алча” суусундугунан жагымсыз жыт чыгып жаткандыгы боюнча арыз түшкөн. Иш чаранын алкагында эки дүкөндөн тең аталган суусундук табылып, сатуудан алынды.

Ал эми суусундуктун курамын текшерүү үчүн үлгүлөр алынып, лабораторияга тапшырылды. Мындан тышкары  шаардагы тамак-аштан уулануунун алдын алуу максатында башка бир катар азык-түлүк саткан дүкөндөрдөгү продукциялардын мөөнөтү текшерилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here