Баткенде күйөөсүнүн ур токмогунан комага түшкөн келиндин абалы оор бойдон турат

0
257

Баткенде күйөөсүнүн ур токмогунан  комага түшкөн 32 жаштагы келиндин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу “Салам Медиага” Баткен облустук биргелешкен оруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы  Алишер Орозалиев билдирди. 

Эске салсак, бул окуя өткөн айдын 20-октябрына караган түнү катталып,  кылмышка шектүү катары жабырлануучунун күйөөсү кармалган. Шектүү 19-октябрь күнү түн ичинде жубайын Кара-Булак айылынын түштүк тарабынан өткөн жолдун жээгине алып барып, пикир келишпестиктен улам жердеги ташты алып башынын арт тарабына бир жолу уруп, окуя болгон жерден кетип калган.

Кармалган жаранга карата жазык кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here