Кадамжайда дарыядан аялдын жансыз денеси табылды

0
1764

Исфайрам дарыясынан 40 жаштагы аялдын сөөгү табылды. ӨКМден билдиришкендей, куткаруучуларга суудан аялдын денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Маалыматка караганда, 5-февралда жерине беш куткаруучу тартылып, суудан чыгарылып, милицияга өткөрүлүп берилген.

Ал аял 1983-жылы туулган жаран экендиги белгилүү болгон.
Облустук милициянын маалыматына таянсак, Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагынын тургуну милицияга кайрылып, арызында 2023-жылдын 2-февраль күнү саат 08:30 чамасында аялы Кадамжай шаарына барып, даары алып келемин деп үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келбегенин билдирген.

Аталган маалымат боюнча милиция тарабынан жарандын жүргөн жерин аныктоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө 2023-жылдын 5-февраль күнү саат 14:00 чамасында Үч-Коргон айылынан өткөн Исфайрам дарыясынан аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумду жолдошу дагы тааныган.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, сырттан кароо жүргүзүү учурунда киши колдуу жаракаттар аныкталган эмес. Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here