Баткенде абаны булгаган мекемеге  28 миң сом айып пул салынды

0
1006

Баткен  шаарынын таштанды талаасында экологиялык талаптар сакталбаганы үчүн шаардык мэрияга 28 миң өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  аталган башкармалык тарабынан түзүлгөн атайын комиссия Баткендеги от казандарды текшерип, тазалоочу орнотмолору жок ишканаларга эскертүүлөр берди. Ага кошо шаардын таштанды таштоочу аянты да каралган. 

Түзүлгөн комиссия бир жума аралыгында облустун башка аймактарын да текшерип чыгат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here