Баткенде 30 бала бакчанын бөлмөлөрү жаңыланат

0
756

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы жамааттык бала бакчалардын бөлмөлөрүн реабилитациалоо жана санитардык түйүндөрдү куруу боюнча тендер жарыяланды.

Маалыматка ылайык, санитардык түйүндөрдү жана бөлмөлөрдү калыптандыруу Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында өтөт. Тендер үч облустагы 280 бала бакча үчүн 70 лотту камтыйт. Ал эми Баткен облусунда 30 жамааттык бала бакча жана 12 лотту камтыйт.

Белгилей кетсек, Лейлек районунун аймагындагы 38 мектеп “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында эмерек жана компьютердик жабдуулар менен камсыз болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here