Түркия менен Сирияда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

0
1357

Түркияда 5-февралдын түнүндө күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын кесепетинен бир канча шаарда үйлөр урап түштү. Бул тууралуу Эл аралык ЖМКлар жазууда.
Жер титирөөнүн очогу Кахраманмараш провинциясында болгон. Түрк бийлигинин маалыматында жер төрт ирет силкинген. Жер титирөөдөн Түркиянын 10 шаары жабыркады.
Жергиликтүү ЖМКлар Түркиянын вице-президенти Фуат Октайга таянып, катуу зилзаладан 284 киши каза болгонун, 2323 киши жаракат алганын жазууда.

Жер титирөө Туркияга чектеш жайгашкан Сирия мамлекетинде да катталып, үйлөр кыйрады. Ал эми Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары 230дан ашык киши көз жумганын жазууда.

Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы кыргызстандыктарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түздү.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анталия жана Стамбул шаарларындагы башкы консулдуктары менен биргеликте курмандыктар жана жабыркагандарды, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын тактоо боюнча Түркиянын компетенттүү органдары менен иш алып барууда.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара шаары): тел. +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

Кыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулдугу: +90 546 557 0471, +90 534 838 8551;

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу: +90 535 107 7212, +90 212 235 6767, +90 212 235 3737.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here