Жарандарды «В» гепатитине каршы эмдөө жүрүүдө

0
1074

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, эмдөө ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен биргеликте жүргүзүлөт.

Маалыматка ылайык, эмдөөнү 23 жаштан 65 жашка чейинки курактагы бардык каалоочулар жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлорунан жана жалпы дарыгердик практика борборлорунан акысыз ала алышат.

«В» гепатити – бул боорду жабыркатуучу жана цирроз, боордун рагы сыяктуу татаалдашууларга алып келиши мүмкүн болгон кеңири жайылган жана кооптуу жугуштуу оору.

Эмдөөнүн алдында «В» вирустук гепатитине акысыз экспресс тестирлөө жүргүзүлөт.

«В» гепатитине каршы эмдөө калктын ден соолугун коргойт жана боор ооруларынын татаалдашууларын алдын алууга жардам берет

«В» гепатитине каршы вакцина 0-1-6 схемасы боюнча аралыктар менен үч жолу жасалат. Жарандар биринчи дозасы эмделген күнү алса экинчи дозасы 1 айдан кийин жасалат. Ал эми үчүнчү дозасы алты айдан кийин жасалат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here