Өлкөдө «Текшер» мобилдик тиркемеси ишке кирди

0
1007

Салык кызматы товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын текшерген Текшер мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган тиркеме аркылуу товардын алдындагы кодду сканерлеп, товар тууралуу толук маалымат алууга болот. Эгер кандайдыр бир мыйзам бузууларга же сапатсыз товарга туш болгондо түздөн-түз тиркеме аркылуу арыз менен кайрылууга болот. Арыздын негизинде салык органынын кызматкерлери тийиштүү текшерүү иш-чараларын жүргүзүшөт.

Аны менен катар арыз менен кайрылган жарандар тиркемеден кайрылуу кайсыл этапта экенине көз салып, ошондой эле көзөмөл чараларынын жыйынтыгы менен тааныша алышат.-деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here