Лейлекте иске уулануунун алдын алуу иш чаралары жүрүүдө

0
859

Лейлектин Арка-2, Достук, Жаштык, Борбордук айылдарында милиция кызматкерлери иске уулануунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жургүздү. Бул тууралуу
облусттук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда жарандарга мал-жандыктарын талаага кароосуз калтырбоо, мал сарайларын жарыктандыруу жагы да эскертилди.Анткени кароосуз калган мал жандыктары чек арадан өтүп кетип,көйгөйлөр жаралып келет.

Белгилей кетсек, Кадамжайда жаңы жыл алдында иске ууланып 6 киши каза болгон. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 7-январында Жалал-Абадда да ушундай кырсык катталып 2 жаштагы кыз каза таап, анын агасы жандандыруу бөлүмүнө тушкөн.

Ушундай эле окуя 10- январда Ош шаарында катталып 32 жаштагы келин үч баласы менен иске ууланып каза болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here