Кадамжайда мечиттин курулушуна топтолгон акчаны уурдоого шектелген жаран кармалды

0
771

Кадамжайда мечиттин  курулушка топтолгон   67 500 сом акчаны уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Исхак-Полотхан аймагынын Таш-Дөбө айылындагы  «Зийабидин ажы» мечитиндеги  курулушка топтолгон   67 500 сом акчаны уурдоого шектелген Лейлек районунун 31 жаштагы тургуну кармалып, уурдаган акчаларын “Зийабидин ажы” мечитине өткөрүп берди.

Ошондой эле, уурулукка шектелген жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here