Баткен аймактарында 5 күн бою электр энергиясы өчөт 

0
911

Баткен шаарынын кээ бир аймактарында электр энергиясы өчөт. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, энергобъектилерди күз-кыш мезгилдерине даярдоо максатында жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 11-май Чет-Булак, Келечек, Кызыл-Жол кварталдарында электр жарыгы өчөт. 

Ошондой эле, 12-14-15-17-май күндөрү Чет-Булак, Келечек, Кызыл-Жол, Базар-Башы, Булак-Башы, Кызыл-дөң кварталдарында саат 8:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here