Сууктан улам суу түтүктөрү тоңуп калган айылдарга таза суу жеткирилүүдө

0
848

Баткенде өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери чек ара айылдарын суу менен камсыз кылууда. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облусу боюнча өкулчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аба-ырйынын кескин төмөндөшүнөн улам Баткен районунун чек арага чектеш айылдарында суу түтүктөрү тоңуп таза суу таңкыстыгы жаралган.

Мындан улам №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери Самаркендек, Жаңы-Бак, Паскы-Арык жана Орто-Сай айылдарын таза суу менен камсыз кылууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here