Башкы прокуратура: Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду

0
974

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдагандай, Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду.

Маалыматта “Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш токтотулду”, — деп белгиленет.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Акаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү беренелери боюнча айып тагылган.

Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартындагы Жоогазын төңкөрүлүшүнөн кийин чет өлкөгө чыгып кеткен. 2021-жылдын август айында Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here