Окуучулардын райондук олимпиадасы качан өтөөрү айтылды

0
1405

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылындагы окуучулардын республикалык олимпиадасынын райондук этабы 19-20-январда өтөт деп билдирди.

Олимпиаданын райондук, облустук жана республикалык этаптарына тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлөт.
Райондук этапка мектептик баскычта 1-2-3-орунду алган окуучулар катышат.

Бул күндөрү жер-жерлерде олимпиаданын жүрүшү боюнча суроолорго жооп берүү жана чараларды көрүү үчүн министрликте ыкчам байланыш телефондору иштейт. Байланышуу үчүн телефондор: 0312 66 23 70, 0701 74 48 03

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here