Баткенде 2500 тургунга гуманитардык жардам берилүүдө

0
1487

12-14-январь күндөрү Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер айылдарынын жабыр тарткан тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө.

Бул иш аракет Эл аралык миграция уюму Бириккен Улуттар Уюмунун Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык тобунун алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жасалууда.

Күндүн сууктушу менен Баткенде жабыр тарткан үй-бүлөөлөргө колдоо көрсөтүү максатында Эл аралык миграция уюму БУУнун Өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүү боюнча борбордук фондунун жана Германия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен жабыр тарткандарга гуманитардык жардам өткөн жылдын декабрь айынан бери берилүүдө.

Учурда 1,800 тургунунга тиричилик техникасы,ашкана комплекти, төшөнчүлөр,керебеттер,кийим-кече жана бут кийимдер берилди.

Жалпысынан 2,542 баткендиктереге жардам көрсөтүлүүсү күтүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here