Баткенде «Жаңырейшн Аймак» экинчи агымынын финалисттери үчүн билим берүү акселерация кечээ 12-январда башталды.
57 бизнес-долбоорлордун авторлору бизнесин өнүктүрүү үчүн грант утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу алдында турат.
15-январда комиссия гранттарды бөлүштүрүү боюнча чечим кабыл алат.
Бизнес-долбоорлордун сынагы Россия Федерациясы каржылаган Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында Сovid-19дун залалдуу кесепеттеринен социалдык-экономикалык калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Катышуучулар 120 миң сомдон 1 миллион сомго чейин гранттык каражаттарды ала алат.
Катышуучулар 18-35 жаштагы ишкердикти жаңы баштаган же учурда иштеп жаткан, кошумча каржылоого муктаж ишкерлер. Алар активдүү бизнес же турмушка жарамдуу бизнес-идеясы бар, бирок аны өнүктүрүү үчүн билим жана каржылык ресурстары жетишпей жаткан жарандар.
Алдыда катышуучулар ишкердик жана финансылык менеджмент боюнча онлайн тренингдерден өтүшөт;
-бизнес долбоорлорун жыйынтыкташат жана аларды презентациялашат;
-120 миң сомдон 1 миллион сомго чейин гранттык каражаттарды ала алышат;
-тажрыйбалуу бизнесмендерден жана финансисттерден 1 жылга чейин консультациялык колдоо алышат.