Баткенде өспүрүм кыздарды папилломага каршы эмдөө башталды

0
407

Баткенде бүгүнтөн баштап папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, Баткенде аталган эмдөөнү алчу 21 миңден ашык адам бар.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-14 жаштагы кыздарды эмдөө 14-ноябрда башталган.
Жалпысынан 25-ноябрга карата республика боюнча 133 миңге жакын өспүрүм кыздар, же топтун 55 пайызы эмдөөдөн өткөн.

Дарыгерлер эмдөө коопсуз, натыйжалуу деп ишендиришет. Ал эки жолу алты айлык интервал менен киргизилет: биринчи дозасы — ноябрда, экинчиси — май айында.

Жалпысынан эмдөөгө өспүрүм кыздардын 90 пайыздан кем эмесин камтуу пландаштырылууда. Бирок, өспүрүм кыздардын айрым ата-энелери эмдөөдөн баш тарткан учурлар да кездешүүдө.

Дарыгерлердин айтымында, эмдөө келечекте жыл сайын 600дөн ашык оорунун жана жатын моюнчасынын рагына кабылган 300гө жакын өлүмдүн алдын алат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here