Баткен-Фергана облустарынын жетекчилери жолугушту

0
974

Бүгүн Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын жетекчилеринин биринчи орун басарлары баштаган топтун жолугушуусу болду. Бул тууралуу райондук бийликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу кыргыз-өзбек чек арасындагы Кадамжай районунун Өтүкчү айылы менен Сох районунун Тул айылы чектешкен жеринде өттү.

Анда эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чыр чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, соода сатык, экономикалык, чарбалык ирригациялык жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, карым катнашты күчөтүү маселелерин карашты.

Тараптар чек арада болгон айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу, жайыт, жол жана башка маселелерди эки тараптуу макулдашуу менен чечүү, окуяны ырбатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сүйлөштү.

Ошондой эле Ширеч суу алуучу түйүнүнүн, суу келүүчү каналдын башын оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзүү жагы маалымдалды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here