Министрдин пара менен кармалышы ар тараптуу иликтенет

0
972

КРнын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалгандыгы боюнча Президент Садыр Жапаров кабардар, деп билдирди мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
Ал «аталган иштин ар тараптуу иликтениши камсыз болот», — деп билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ 28-сентябрда КРнын Ички иштер министрлиги, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин пара алуу фактысы боюнча кармалгандыгын билдирген.
Маалыматта ал, чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда, 110 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алууга айыпталып жаткандыгы айтылат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here