Бүгүн Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталат

0
754

КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат. Анын ичинде 30га жакын маданият ишмерлери Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземдин чоң программасына катышат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:00дө башталуусу пландалууда.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана алыш оюндары расмий мелдеш катары кирген. Ошондой эле кыргыз спортчулары көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, таяк тартыш жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештерге катышат.
Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.
Иш чара 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here