Манасчы Рысбай Исаков узак убакытка манас айтып дүйнөлүк гиннестер китебине катталды

0
1140

Түркиянын Бурса шаарында өтүп жаткан “Манас жумалыгы” иш чарасынын жүрүшүндө Кыргыз Респбуликасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаков 124 саат убакытка манас айтып, дүйнөлүк гиннестер китебине кирди.
Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министрлигинен белдиришти.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн “Манас жумалыгынын” жабылуу аземине, Дүйнөлүк Гиннестер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, манасчыга Гиннестин күбөлүгү тапшырылды. Ошондой эле Гиннес тарабынан бекитилген талаптар сакталгындыгы айтылды.
Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касамбетов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, манасчылар жана коомчулук катышты.
Иш-чарада эл алдына түрк, казак жана кыргыз манасчылары манас айтып, майрамдык маанай тартуулады,- деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here