Жергиликтү бийликтин маалыматына ылайык Баткен облусунда ыктыярчылар жабыркаган объектилерди тазалоого жардам берүүдө.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасындагы жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү иштерине 300 ыктыярчы тартылды.
Райондун айыл өкмөт кызматкерлери, айыл активисттеринен турган ыктыярчылар Ак-Сай айылын тазалоо иштерине жардам берди.