Сузакта милиция кызматкери жашы жете элек кызга үйлөнүп алган

0
1979

Сузак районунун 1994-жылы туулган тургуну Базар-Коргон районунун 2005-жылы туулган жашы жете элек кыз менен баш кошкон. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы окуган.
Мындай нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу фактысын, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокуратурасы, жашы жете элек балдардын укуктарынын сакталышы боюнча текшерүү учурунда аныктаган.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жашы жете элек кыздын жолдошу милиция кызматкери болгон.
Бул факты боюнча жашы жете элек кыздын апасына,жолдошуна жана нике окуган дин кызматкерине карата Кылмыш-жаза кодексинин “Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу” беренеси менен айыптары угузулду. Мындан сырткары, аталган милиция кызматкери кызмат ордунан бошотулду.
Учурда кылмыш иши Сузак райондук сотуна жиберилип, кароо алдында турат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here