Ошто балдарын өлтүрүүнү көздөгөн аял кармалды

0
958

Ош шаарында эки баласын өлтүрүүнү көздөгөн аялдын аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.
Милицияга 1982-жылы туулган аял 11 жана 13 жаштагы балдарына ири көлөмдөгү «димедрол» дарысын берип, өлтүрүүгө аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери тез жардам унаасы келгиче милиция кызматкерлери балдарга суюктук берип, ичтерин ири көлөмдөгү дарыдан тазалоого аракет жасап турушкан. Окуя 27-сентябрда саат 16:30дар чамасында катталган.
Балдардын апасы берген көрсөтмөсүндө алгач балдарын, анан соң өзүн өлтүрүүгө аракет жасамак болгондугун айткан. «Ал балдарына чычкандын дарысын жана «димедрол» берген. Учурда шектүүнүн үстүнөн ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Аялдын мындай кадамга баруу себептери такталууда.
Учурда балдардын абалы жакшы жана саламаттыгына коркунуч жок экендиги айтылат.
Алардын мындан кийинки жашай турган жайын социалдык жактан коргоо тармактары карап жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here