Аскер Дастан Анарбековдун апасы уулун табууга жардам сурайт

0
2135

Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрындагы Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда   «Достук» чек ара заставасында кызмат өтөп жаткан  лейтенант Дастан Анарбеков   дайынсыз болууда. Анын апасы Сауле Иманалиева биздин “Салам медиага” маек куруп, бийликтен уулун табууга жардам сурады.

Сауле Иманалиеванын  айтымында, уулу Дастан Анарбеков, Талас облусунун Аманбаев айылынан болот. Ал орто мектепти  жана Бишкек шаарындагы  Калыйнур Үсөнбековатындагы  аскер окуу жайын артыкчылык менен аяктаган. Дастан мындан бир жарым ай мурда  Баткен облусуна аскердик кызмат өтөөгө келген.

Сауле айым уулу менен акыркы жолу 15-сентябрь күнү сүйлөшкөнүн айтат. 

“15-сентябрда абал күчөп баратканын угуп чалсам алган жок. Анан саат 15тен өткөндө өзү чалды. “Апа биз жакта абал тынч, атышуу башка жакта болуп жатат. Бизге   Ташиев келе жатыптыр, ошону күтүп жатабыз” деди. Тынч болсоңор болду дедим — дейт ал.

16-сентябрь күнү  чек арада абал курчуп кеткенин угуп, Сауле айым  уулуна чалып, байланыша алган эмес. Анын  телефону өчүк болгон.Ошол күндөн баштап саат сайын чалып, баласын издей баштаган.

Ал эми 17-сентябрда Дастан Анарбековдун үй-бүлөсүнө Аманбаев айыл өкмөтүнөн келишип, “жоокер курман болду” деген кабарды угузушкан. Бирок анын сөөгү келген эмес, курман болгондордун тизмесинде да аты-жөнү жазылган эмес. 

Ошондуктан, Дастандын  атасы  туугандары менен уулун издеп Баткенге келген. Бирок  аймакта абал чыңалуу болгондуктан, аларга  уулу иштеген “Достук” заставасына чейин барууга  мүмкүн болгон эмес. 

“Атасы барганда ал жактан сиздин балаңыз деп,  күйүп калган сөөкпү, эмне экенин билбейм,колу буту жок сөөк сыяктуу нерсени беришиптир, ДНК тапшырып, экспертизага бериңиздер дептир. Атасы Бишкекке келип ДНК тапшырды анын жайынтыгы да бир айда чыгат экен, бирок мен балам тирүү деп ишенем”-деди Сауле Иманалиева.  

Иманалиева баласын  табууга коомчулуктан, бийликтеги жетекчилерден жардам сурайм деп кайрылды. 

Тилекке каршы, УКМКнын чек ара кызматынан, дайынсыз болуп жаткан  лейтенант Анарбеков тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here