Көзөмөлсүз жана тилемчилик кылып жүргөн 11 бала аныкталды

0
483

Лейлек районунун аймагында “Тилемчилик” иш-чарасынын алкагында базарларда, коомдук жайларда өз алдынча көзөмөлсүз жана тилемчилик кылып жүргөн балдарды аныктоо иштери жүрдү.

Жыйынтыгында 11 бала аныкталып, алардын ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүрүп эскертүүлөрдү берилди. Ал эми Кыргыз Республикасынын укук бузуу кодексинин негизинде 1 ата-энеге протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here