Үч жылдан бери изделген баткендик жаран Орусиядан кармалды

0
1171

Издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургуну 3 жылдан кийин кармалды.

Кызыл-Кыя шаарынын тургунуна 2019-жылы социалдык барактардан туура эмес диний агымдарга чакырып жүргөндүктөн, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин

“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө иши ачылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү Кызыл-Кыя шаарынын 33жаштагы тургуну Россия Федерациясында экендиги аныкталып, азыркы күндө Кызыл-Кыя шаардык милициясынын тергөө кызматына жеткирилип берилген.Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here