Баткендин куткаруучулары бийик аскаларда машыгууда

0
396

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар кинистрлигинин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын, үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын өздүк курамы күжүрмөн даярдыкты камсыздоо максатында тоо шартында машыгууда. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

3 күндүк машыгуунун натыйжасында тоо шартында куткаруу иштери жүргүзүлүп, куткаруучулар бул багытта өз тажрыйбасын арттырууда.
Ошондой эле, кызматкерлер бийик аскаларга чыгып-түшүү, жабыркаган жарандарды куткаруу, издөө жана башка атайын даярдыктардан өтүшүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here