92 кыргыз жараны Кореяда иштөөгө жөнөтүлдү

0
714

Түштүк Кореяга жумушка кетип жаткан кыргызстандыктар менен.Социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жолугушту

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
92 адамды мыйзамдуу ишке орноштуруу аракети, өлкө башчысынын миграциялык кырдаалды жакшыртуу жөнүндөгү жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда деп айтылат маалыматта.

Кудайберген Базарбаев, «Өз убагында Түштүк Кореянын жарандары өнүккөн өлкөлөргө барып, андан кийин мекенине кайтып келип, аны жогорку өнүккөн мамлекеттердин деңгээлине жеткиргенин билебиз. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин

Түркия өз жарандарын Германияны калыбына келтирүүгө багыттап, бул адистер заманбап Түркияны курушкан.

Бүгүн биздин министирлик Япония, Улуу Британия менен келишим түзүп, Германия менен келишимге кол коюлат деп күтүлүүдө. Андан тышкары, Санкт-Петербургдун өкүлү болгон компаниялар менен жолугушуу өткөрдүк, алар биздин өлкөдөн келген эмгек мигранттары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр», — деди министр.

15 жылдан бери эмгек министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору Корея ишканаларында 5 миң кыргызстандыкты жумушка орноштурган. Азыркы учурда Кореяда 2 миңге жакын жараныбыз иштеп жатат.

Орточо эмгек акы 1800 долларды түзөт, бөлмө жана тамак-аш жумуш берүүчүнүн эсебинен.

Программанын негизги талабы — корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү, 2022-жылы 1500дөн ашуун жаран корей тилин билүү тестине катышып, 360 адам ийгиликтүү өткөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here