Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн турак жай курулушу башталды

0
261

Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн турак жайдын курулушу башталды. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ИИМ министри Улан Ниязбекдун демилгеси менен Раззаков шаарында 32 батирлүү кызмат үйүнүн курулушу башталып, пайдубалына капсула салынды.

Ошондой эле, бул иш-чарага Президенттин Баткендеги өкүлүнүн биринчи орун басары, райондогу жергиликтүү жетекчилер, айыл тургундары катышты.

Курулуш Кыргыз милициясынын 100жылдык майрамына карата бүтүрүлүшү пландалууда.

Эске салсак, буга чейин Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үй болгон эмес.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here