Баткенде “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү” кароо сынагынын облустук туру өттү

0
272

Бул тууралуу “Салам медиага” облустук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынактын башкы максаты балдардын жол кырсыгын алдын алуу боюнча иштерди жакшыртууга багытталды.
Ал эми аталган сынакка жалпы 6 команда ат салышып, район, шаарлардан келген 15 жашка чейинки окуучулар катышты.

Сынак жыйынтыгында 1-орунду Баткен шаарындагы Ж. Бөкөнбаев орто мектебинин «светофор» командасы, 2-орунду Сүлүктүнөн келген N:2 Токтогул атындагы техникалык лицейинин «Жоламан» командасы, 3-орунду И.Раззаков шаарындагы Т.Жапаров орто мектебинин «Бөрү» командасы багындырды.

Ошондой эле облустук милиция кызматкерлери тарабынан номинацияларга ээ болгон командалар ардак грамота, мактоо баракчалары жана баалуу белектер менен сыйланышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here