Баткенде кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилди

0
337

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жетекчилик менен биргеликте кызмат учурунда каза болгон 19 кызматкерди эскеришти. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, эскерүүгө кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү, жакындары, ички иштер органдарынын ардагерлери жана облустук казыяттан өкүл келип катышты.

Ошондой эле облустук милициянын полковниги Улан Жукенов, кызмат учурунда каза болгон кесиптештеринин ар биринин өз тагдыры, өз эрдиги бардыгын,  тартип үчүн кан-жанын аябай кызмат кылышканын, алардын эрдиги дайыма эсибизде каларын айтты. 

Ал эми кызмат учурунда каза болгондордун ысымы көчөлөргө, айылдык милиция бөлүмчөлөргө ыйгарылган. 

Эске салсак Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 1999-жылы түптөлгөн. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here