Абитуриенттердин эсине: Кесиптик орто окуу жайларга кабыл алуу башталды

0
351

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графигин бекитти.
Ага ылайык, документтерди онлайн каттоонун биринчи туру 2022-жылдын 12-июлунан 18-июлуна чейин жүрөт.

Кирүү сынактары 19-20-июлда:
— упайлары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
— медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн өтөт.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 22-июлда белгилүү болот. Сунушталган абитуриенттер 23-июлдан 26-июлга чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоого тийиш.

II тур
Документтерди онлайн каттоонун экинчи туру 2022-жылдын 27-июлунан 3-августка чейин уланат.

Кирүү сынактары 4-5-август күндөрү төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:
— Алар, упайлары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
— медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 8-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 9-августтан 11-августка чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоосу керек.

III тур
Документтерди онлайн каттоонун үчүнчү туру 2022-жылдын 12-августунан 19-августка чейин жүрөт.

Кирүү сынактары 20-22-августта төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:
-алар, упайлары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
— медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 24-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 25-августтан 27-августка чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоосу зарыл.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here