Баткенде 60 үй сел коркунучунан корголууда

0
253

Баткенде 60 турак үй сел кооптуулугунан корголууда. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчеминин негизинде Баткен районунун Кара-Булак айылында 1700 метрлик сай ичи тазаланууда. Сайды тазалоо иштерине ӨКМден бульдозер техникасы тартылып, учурда тазалоо иши аяктоо алдында турат.

Аталган участкадагы тазалоо иштери бүтсө, Кара-Булак айылындагы 60 турак үй, 1500 метр ички чарбалык арык жана 2000 метр ички чарбалык жол кооптуулугунан корголот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here