Бүгүн Раззаков шаарында жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун колго алган райондук деңгээлде форум өттү. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул иш-чара Лейлек районунун жетекчилиги тарабынан демилгеленген. Форумда негизинен төрт маселе укук бузуулардын алдын алуунун негиздери, милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердиги, “Акыркы конгуроо”, “1-июнь балдарды коргоо күнү” жана июль айында өтө турган мусулмандардын майрамы “Курман-Айт” күнүнө карата алдын ала иш-чаралар бекитилди.
Ошондой эле “Жайкы туристтик мезгил– 2024” өткөрүүгө карата туристик фирмалар менен жол кырсыктарын алдын алууга багытталган жолугушуу иш-чараларын жергиликтүү бийлик менен биргеликте уюштуруу каралды.