Бүгүн 30-июнда күн +40 градуска ысыйт

0
473

Абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 36…38 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38…40 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМдин телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү кызматтарга жеткирилген.

Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат берилген.

Ал эми адистер күндүн ысыгынан сак болууга, зарыл болбосо көчөгө чыкпай, салкын жерде болууну, көп суусундук ичүүнү эскертишүүдө. Өзгөчө өнөкөт оорусу бар жарандар, улгайган жарандар жана жаш балдар ысыктан абайлашы зарыл экенин айтышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here