Бир күндө 22 өрт кырсыгы катталды

0
473

Кечээ 30-июнда  өлкөнүн аймагында 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бишкек шаарында 10, Чүй облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган.

Белгилей кетсек,  министрлик абанын өтө ысышына байланыштуу, адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында алдын ала билдирүү тараткан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here