Баткендин тургуну Өзбекстандын аймагында сууга чөгүп каза болду

0
833

2022-жылдын 28-июнь күнү Баткен районунун Ак-Турпак айылынын тургундары Өзбекстан республикасынын Фергана облусунун Риштан районуна караштуу Чоң-Кара айылында жайгашкан Жигит-Пиримдеги тамактануучу жайга барып тамактанып, спирт ичимдиктерин ичишкен. Тамактангандан соң 56 жаштагы тургун чайханадан 450-500метр алыстыктагы “Кожошкен” дарыясына кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Артынан издеп барган шериктери дарыянын боюнда анын чечип койгон кийимдери менен анын кол телефонун көрүп, милицияга кабар берген.

Окуя болгон жер, Өзбекстан республикасына караштуу болгондуктан Фергана облусунун Риштан районунун милиция кызматкерлери келип, издөө иштерин жүргүзө баштайт.

Баткен жана Өзбекстан республикасынын Сох райондук милициясынын жетекчиси телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, аталган окуя боюнча тийиштүү иш-чаралар жүрөт.

Аталган окуя боюнча тийиштүү кызматтар издөө иштерин жүргүзүп, 29-июнь күнү эрте менен саат 7лер чамасында 56 жаштагы тургундун жансыз денеси “Кожошкен” дарыясынан табылып, соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Азыркы күндө тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here