Абактарга ири өлчөмдө баңгизат ташыган жаран аныкталды

0
491

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана жазаларды аткаруу кызматы биргеликте Бишкек шаарынын жана Чүй облусундагы абактарга баңгизат ыргытуучу каналдарды жоюу боюнча атайын операция өткөрүшкөн.

Натыйжада эркиндигинен ажыратылган жайларга баңгизат ташып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жаран Токмок шаарынын 1989-жылы туулган тургуну,  “Арс” каймана аттуу жигит экени такталды. Ал күнөөсун мойнуна мойнуна алды деп айтылат, маалыматта.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here