Камчыбек Ташиев баткендик беш дарыгерге сыйлык тапшырды

0
841

Чек арадагы чыр-чатактын жүрүшүндө жапа чеккен  аскер кызматкерлерине чукул жардам көрсөткөн дарыгерлер менен аскер кызматкерлери сыйланды.

Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.

«Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарына 100 жыл» юбилейлик медалы жана «Кызматташтык үчүн» төш белгиси менен жалпы 18 кызматкер сыйланды.

Анын ичинде Баткен облустук бириккен ооруканасынын 5 дарыгери “Кызматташтык үчүн» төш белгиси менен сыйланышты. Алар, Кудайберди Жаныкулов, Таалайбек Сооров,Рустам Хусейнов,Сапарбай Сатыбалдиев, Бакытбек Бакировдор болду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here