Сууга чөккөн баланын окуясына байланыштуу 7 мугалим иштен алынды

0
879

Бишкектеги  “Ала-Тоо” аквапаркында окуучу баланын сууга чөгүп кетиши боюнча түзүлгөн комиссиянын ишин жыйынтыгы менен, бала окуган мектептин алты мугалими, башталгыч класстын окуу бөлүмүнүн башчысы, Эмгек кодексинин нормасына ылайык иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.

Мындан сырткары, комиссия баланын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралар аткарылбаганы үчүн мектеп директоруна чара көрүү, керек болсо иштен алуу боюнча сунуштама берди.

Ошондой эле комиссия 13 башталгыч класстын окуучуларына эс алуу уюштурулганын аныктады. Бир мугалим уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Бирок, мектеп администрициясынын жана балдар иштери боюнча инспекциясынын бул тууралуу маалыматы болгон эмес.

Мындан улам ал эс алууда аталган адамдар катышкан эмес, укук коргоо органдарынын коштоосу дагы болгон жок. Коопсуздук боюнча дагы инструктаж өткөрүлгөн эмес.

Аквапаркка жалпы башталгыч класстын 232 окуучусу, тогуз мугалим жана тогуз ата-эне барган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here